БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар үчүн чектөөлөр кириши мүмкүн

Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар үчүн чектөөлөр кириши мүмкүн

Сүрөт интернеттен алынды

Орусияда мыйзамсыз мигранттар үчүн кызмат көрсөтүүлөргө чектөө киргизүү сунушталып жатат. Аларга никеге туруу, банктык эсеп ачуу, автоунаа же мүлкүн каттоого тыюу салынышы мүмкүн. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.

Мындай мыйзам долбоорун Орусиянын Ички иштер министрлиги даярдап жатат.

Быйыл октябрда орус паспортун алган, бирок Украинадагы согушка катышууну каалабагандарды өлкөдөн чыгаруу сунушталган. Кийин орус жарандыгын алган 22 борбор азиялык жарандарга аскерде кызмат өтөөдөн баш тартты деп кылмыш иши козголгон.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей