БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Орусия: президенттик шайлоодо Владимир Путин добуштардын 87%ын алды
Орусияда 15-17-март күндөрү өткөн президенттик шайлоонун протоколдору 100% эсептелип чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 18-мартта билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, азыркы президент Владимир Путин добуштардын 87,28% алган.
Ал эми Путинге атаандаш болгон үч талапкердин бири да добуштардын 5%ын ала алган эмес. КПРФтен Николай Харитонов 4,31%, "Новые люди" партиясынан Владислав Даванков 3,85% жана ЛДПРден Леонид Слуцкий 3,2% добуш алды.
Аталган өлкөнүн БШК төрайымы Элла Памфилова президенттик өнөктүктөр арасынан бул жолу шайлоочулардын катышуусу рекорддук деңгээлде болгонун билдирген. Добуш берүүгө каттоодон өткөн шайлоочулардын 77,44% катышкан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 429 макала
March 2025
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5