БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Орусиядан кароосуз калган беш бөбөк алып келинди

Орусиядан кароосуз калган беш бөбөк алып келинди

Сүрөт: Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Кароосуз калган беш бөбөк Орусиядан Бишкекке алып келинди. Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымдашынча, ымыркайлардын эң кичүүсү үч айлык, чоңу бир жашта. 

Министрлик балдарды үй-бүлөлөрү менен бириктирүү жана абалын, анын ичинде социалдык, медициналык, психологиялык, укуктук колдоо маселелерин баалоо боюнча иштерди жүргүзөт.

2011-жылдан бери Кыргызстанга ата-энесинин кароосу жок калган 167 бала кайтарылган.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей