БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Орусияга жөнөп жаткандар эмнеге даяр болушу керек? ТИМ билдирүү жасады

Орусияга жөнөп жаткандар эмнеге даяр болушу керек? ТИМ билдирүү жасады

ТИМ

Орусияга барууну пландап жаткан жарандар аэропортто кошумча текшерүү иштерине даяр болушу керек. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, керектүү документтердин тизмесин жана эрежелерди жарыялады.

Маалыматка караганда, биринчи кезекте Орусиянын мамлекеттик чек арасынан өтүүгө укук берүүчү идентификациялык документтерди камдап алышыңыз керек. Ошондой эле, өлкөгө кирүүңүздүн мыйзамдуулугун аныктоо менен байланышкан кошумча текшерүү болуп, ал убакытты алышына даяр болушуңуз керек. 

  • Текшерүү убагында сабырдуу болуп, чек ара кызматынын жана башка компетенттүү органдарынын талаптарын аткарыңыз; 
  • Жыйынтыгында сизди Орусиянын аймагына киргизүүдөн баш тартышы да мүмкүн. Андайда мындай чечим кабыл алууга эмне негиз болгону тууралуу документ берилет;
  • Эгер сизди өлкөгө киргизүүдөн баш тартышса, авиакомпаниянын жоопкерчилигине өткөрүлүп берилесиз. Алар 1-3 күндүн ичинде кийинки рейс менен кайра жөнөтүп жиберишет.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында бул мезгилде авиакомпания сизди суу жана тамак-аш менен камсыз кылышы керек. Эгер күтүлбөгөн жагдайлар болсо, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин консулдук мекемелерине кайрылып, жардам сурап, зарыл болгон учурда котормочу чакырууну сурансаңыз болот.

Ал үчүн байланыш номерлер: 9162612384Домодедово аэропортунда 89162612359Внуково аэропортунда 89032118101.

Акыркы күндөрү Орусияда мигранттарды текшерүү күчөгөнү айтылып жатат. Өлкөгө иштөө үчүн кетип, аэропорттон артка кайтарылып жаткан мекендештер да бар.  

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала