БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Орусиянын “Көп функционалдуу миграциялык борборун” Кыргызстанда ачуу сунушталды
25-октябрда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Москва шаарына барып, мекеменин жетекчили менен жолугушкан. Анда Кыргызстанда Орусиянын миграция борборунун филиалын ачуу маселеси талкууланган.
"Филиалдын ачылышы жарандарга Россия Федерациясынын аймагына киргенге чейин зарыл процедуралардан алдын ала өтүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, биздин өлкөнүн саясаты чет өлкөлөрдө легалдаштырылган ишке орноштурууга багытталган", - деген Жылдыз Полотова.
Акыркы күндөрү кыргыз жарандары Орусияга кире албай, аэропорттон кайтарылганы тууралуу маалыматтар айтылып жатат. Тышкы иштер министрлиги сентябрда мигранттарга көзөмөлдүн күчөтүлүшүнөн улам кыргыз жарандарын Орусияга убактылуу барбай турууга чакырган.
Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat