БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Орусиянын президентин шайлоо үчүн Кыргызстанда төрт добушкана ачылды

Орусиянын президентин шайлоо үчүн Кыргызстанда төрт добушкана ачылды

Сүрөт интернеттен алынды

 

Кыргызстанда Орусиянын президентин шайлоо үчүн 17-мартта төрт шайлоо участогу ачылды. 

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлаган, шайлоо участоктору Бишкектеги элчиликтин, Орусиянын Оштогу башкы консулдугунун имараттарында, Кант жана Каракол шаарларында ачылган. Мекеме добуш берүү үчүн Орусиянын жарандарын паспорт менен барууну эскертет.

Бүгүн Орусия президентин шайлоодо үчүнчү күн добуш берүү уланып жатат. 15-мартта башталган шайлоо 17-мартта аяктайт.

Орусиянын учурдагы президенти Владимир Путин бешинчи ирет президенттик шайлоого талапкер катары катышууда. Андан сырткары Владислав Даванков, Леонид Слуцкий жана Николай Харитонов талапкерлигин койгон. Алардын бири дагы Путиндин саясатын сындабай тургандыгын айтышкан.

Ал эми Владимир Путиндин негизги атаандашы болот деп айтылып жаткан Борис Надеждинди Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер катары каттоодон баш тарткан. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей