БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ошто 76 млн сомго жылуулук түтүктөрүн оңдоо иштери башталды
Ош шаарында 836 метр жылуулук түтүктөрү жаңыланат. Алмаштыруу иштери эки этап менен жүрүп, алгач Алишер Навои көчөсүнөн Гапар Айтиев көчөсүнө чейинки жумуштар жасала баштады. Андан кийин Айтиев көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинкилер жаңыланат. Мэрия бул иштерге жалпы 76 млн сом жумшалып жатканын билдирди.
Жылуулук электр борборунун жетекчиси Фидель Адиев "Т-Медиага" билдиргендей, түтүктөрдү алмаштыруу иштерине байланыштуу Курманжан Датка көчөсүнүн Бөрүбаев көчөсү кесилишинен Гапар Айтиев көчөсүнүн кесилишине чейин унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.
"Асфальт алынып салынды. Түтүктөрдү алмашытырып бүткөндөн кийин кайрадан жамалат. Коомдук транспорттордон 2-троллейбус убактылуу ишин токтотту. Ал эми кичи маршруттук каттамдар жана унаалар жолду айланып, Ленин көчөсү аркылуу эки тараптуу жүрө берет", -дейт ал.
Эске салсак, былтыр сентябрь айларында шаардагы Курманжан Датка жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинен Бөрүбаев көчөсүнө чейин 330 метр жылуулук түтүктөрү жаңыланган. Анда жергиликтүү бийлик 49 млн сом каражат жумшаган.
Автор: Осмонова Айдана > 792 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat