БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: 500дөн ашуун окуучу авариялык мектепте окуп жатат

Ош: 500дөн ашуун окуучу авариялык мектепте окуп жатат

Сүрөт: Т-Медиа

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө караштуу Шералы айылындагы Абдураим Кулботоев атындагы орто мектептин шыптары ийилип, суу өтүп, дубалдары урап авариялык абалга кептелди. 

Директору Гулзида Дадабаеванын айтымына караганда, мектептин азыркы имаратты 1963-1965- жылдары салынып, жибек куртун багуу үчүн иштетилип турган. Андай кийин мектеп катары пайдаланууга берилген. Ошондон бери билим уясы эч кандай капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. 

"Мектептин дубалдары ажырап кеткен, кышында зорго чыгабыз. Мектепте окуучулар көп, айылда бала бакча жок болгондуктан эки даярдоо классыбыз менен балдар үч нөөмөтө билим алышууда".

Дадабаева билим уясын "авариялык абалда" деп Экотехинспекциясы 2015-жылы акт түзүп кеткенин айтат. Мындай билдирмени быйыл кайрадан алган.

Ошондой эле мектептин спорт залы, ашканасы, жыйындар залы жок. Имарат 200 балага ылайыкташканы менен учурда 526 окуучу үч нөөмөттө окушат. 

Гулзида Дадабаева тишелүү бардык мекемелерге кайрылган. Ал 2023-жылы айыл өкмөт тарабынан жер бөлүнгөнүн айтып, бирок азыр жаңы мектептин курулуш качан башталары белгисиз дейт. 

"Бардык эле жерге кайрылуудабыз. УКСга кайрылсам биздин мектеп биринчи квотага кирбей калыптыр. Эми качан кирет, качан башталат белгисиз", -дейт Гулзида Дадабаева.

Окуучуларга 39 мугалим билим берет. 2023-жылы долбоору сызылып,  бирок мамлекеттик экспертизадан өтпөй кайра кайтарылган. Шералы айылында жалпы 3 миңден ашуун калк жашайт.

 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей