БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Оштогу стадиондун олтургучтарынын үстүн жабуу иштери башталды

Оштогу стадиондун олтургучтарынын үстүн жабуу иштери башталды

Сүрөт: Т-Медиа

Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондун үстү жабылат. Ал үчүн республикалык бюджеттен 94 млн сом бөлүнгөн.

Тендер өткөрүлүп, 82 млн сомго "Универсал ЛТД" ЖЧКсы уткан. Учурда бетон куюу үчүн стадиондун айланасын казуу иштери башталган.

"10 млн сомдой уткан компаниянын эсебине которулуп берилди. Азыр ширетүүчүлөр келип, үстүн жабуучу дугаларды бири-бирине ширетип жатышат. Биздин божомол боюнча август айына чейин жаап бүтөбүз деп ойлоп атабыз"-дейт оюн талаасынын директору Кабылбек Укулов.

Кабылбек Укулов быйылкы жылы жашыл талааны алмаштырууну көздөп, шаардык бюджетке сунуш берген.

"20 млн сомго газонду сугаруу системасын менен алмаштырууну сунуштап койдум. Анын ичинде чуркоочу жолду дагы резинадан кылып алмаштырабыз деген ой бар. 27-февралда бекитилет деп жатышат. Эгер бекитип беришсе, ушул жумуштарды дагы аткарабыз деп турабыз."

Ош шаардык мэриясынын "Алай" футболдук клубуна жана Сүйүнбаев стадионуна быйылкы жылы 30 млн сом бөлүнөрү айтылууда. 2023-жылы болсо 70 млн сом ажыратылган. Быйылкы жылда эки эседеден ашык азайышы ыктымал. Мындай маалыматтардан улам коомчулукта клубдун алсыздашы күтүлөт деген божомолдор тараган.

Стадионго 12 миң көрүүчү батат.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей