БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: абага зыяндуу заттарды чыгарган 32 мончо аныкталды

Ош: абага зыяндуу заттарды чыгарган 32 мончо аныкталды

Ыш баскан Ош (Сүрөт: Исхак Туратбеков)

Ошто абага зыяндуу заттарды чыгарган мончо сыяктуу жеке тараптарга, үйлөргө жана автоунааларга текшерүү жүрдү. Жыйынтыгында 16 протокол түзүлүп, 292 миң 500 сом өлөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын башкы инспектору Асанбек Мамыраимов билдирди.

Шаардагы мончолор текшерилип, 32си абага ашыкча зыяндуу заттарды чыгарып келгени аныкталган. Ошондой эле сапатсыз көмүр жагып, тиричилик калдыктарын жакандарга түшүндүрүү иштери жүрдү.  4 автоунаадан абаны булгоочу ашыкча газ чыккандыктан, аларга 45 миң 500 сом айып салынды.

 “Тиешелүү кызматтар шаар бийлигинин өкүлдөрү менен бирге шаардагы мекеме-ишканалардын отканаларынан чыккан түтүндөргө инструменталдык көзөмөлдү жүргүзүү, абага терс таасирин тийгизген көрүнүштөрдү жоюу, белгиленбеген жерлерде турмуш-тиричилик буюмдарды, анын ичинде унаалардын дөңгөлөктөрүн, тигүүчү цехтерден чыккан кездеме калдыктарын жана башка ушул сыяктуу абаны булгоочу буюмдарды жакпоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү милдеттендирилди”, - дейт Асанбек Мамыраимов

Ош шаарында 33 694 жеке үйлөрдүн кожолугу бар. Анын ичинен 27 430 кожолук жаратылыш газы менен жылытылат.

Абаны таза кармоо, түтүндүн алдын алуу максатында, 2024-жылдын март айына чейин күчөтүлгөн режимде иш алып барылат дейт башкармалык.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей