БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош кир шаарлардын тизмесинде. Булганган абанын ден-соолукка таасири кандай?

Ош кир шаарлардын тизмесинде. Булганган абанын ден-соолукка таасири кандай?

Сүрөт: Белек Мусаев

Соңку жылдары суук түшкөн мезгилде Бишкек, Ош шаарларынын үстүн калың ыш каптап, абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Кир аба ден соолукка олуттуу коркунуч жаратары тууралуу экологдор дайыма коңгуроо кагып келишет.

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун 15-январь, саат 16:00гө карата индексинде Ош шаары кызыл түстө белгиленип, өлкөдөгү абасы кир шаарлардын сап башына чыкты. Ушу тапта абанын сапаты боюнча индекси (AQI) 160. Бул калаадагы аба ден соолукка кооптуу дегенди түшүндүрөт. 

Ошко салыштырмалуу борбор калаа Бишкекте абал орточо. Индекс (AQI) 85 деп көрсөтүүдө.

 

"Ошто бул көйгөй жаралбаш керек эле"

Эколог Болотбек Каримов ыш боюнча көйгөй Ошто жаралбашы керек эле дейт. Анткени калаанын жайгашуу орду жана шаарды аралап өткөн Ак-Буура дарыясынын нугу ички абаны тазалап турат. Экологдун айтымында, тоо жактан келген шамал түтүндү айдап чыгып кетиши керек. Бирок соңку жылдары курулуп жаткан бийик объектилер аба агымына тоскоол жаратып, ыш маселесин жаратууда. 

"Кээ бир жерде аба быкшып кармалып калып, анан ыш көйгөйү пайда болуп жатат. Кыргызстандын жарандары учурда арзан көмүрдөн баш тартууга даяр эмес. Абаны таза сактап калуу үчүн атайын аба тазалай турган фильтрлерди орнотуп, жашылдандырууну болушунча көбөйтүшүбүз керек", -деген ал.

Movegreen коомдук экологиялык уюму ыштын негизги төрт себебин изилдеген. Жыйынтыгында автоунаалар, Жылуулук электр борборлору (ЖЭБ), сапатсыз көмүр жана таштандылардын өрттөлүшү абанын булганышына алып келген негизги булак болуп чыккан. 

Жергиликтүү бийлик кантип чара көрүүдө?

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы былтыр жыл соңунда Ош шаарында абага зыяндуу заттарды чыгарган мончолорго, үйлөргө жана автоунааларга текшерүү жүргүзгөн. Анда 32 мончо жана ашыкча газ чыккан төрт автоунаа аныкталган. Жыйынтыгында 16 протокол түзүлүп, 292 миң 500 сом айып пул салынган.

Ал эми Ош мэриясына караштуу чарба жана транспорт башкармалыгынын башчысы Эшмамбет Кармышаков коммерциялык өндүрүштүк ишканалардын ээлери менен атайын фильтрлерди коюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп жатканын айтат.  

"Бүгүнкү күндө 150 эскертүү берилип, андан сырткары айып пул салуу боюнча иш алып барылууда. Мындан сырткары мектеп, университетерде ачык сабактарды өткөзүү боюнча, атайын билим берүү башкармалыктын өкүлдөрүн чакырганбыз".

Кир аба кандай ооруларды козгойт?

Кир аба менен дем алуу рак ооруларына алып келиши мүмкүн. Пульмонолог Сабира Тилекееванын сөзүнө караганда, Кыргызстанда  өпкө оорулары күчөдү. 

"Кыш мезгилиндеги жылытуучу системалардан, таштандылардан чыккан түтүндөрдүн кесепетинен уулу заттар адамдын организимине терс таасирин тийгизип жатат. Биринчи эле орунда дем алуу органдарын жабыркатат. Андан сырткары рак, шишик, өстүрмө ооруларын пайда кылып жатат".

Ош шаарында 33  миң 694 жеке үйлөрдүн кожолугу бар. Анын ичинен 27 миң 430у жаратылыш газы менен жылытылат. Калганы меш жагат.  

Автор: Нурзыйнат Курманбаева

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей