БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош-Бишкек аба каттамдары кайра жанданды

Ош-Бишкек аба каттамдары кайра жанданды

“Ош” аэропорту

Коюу туманга байланыштуу кармалган Бишкек-Ош жана Ош-Стамбул багыты боюнча каттамдар бүгүн, 16-январда кайра жанданды. Бул тууралуу "Т-Медиага" "Манас" аэропортунун басма сөз катчысы Алёна Хаменко билдирди.

Анын айтымында, каттамдар кармалган учурда аэропорт тарабынан жүргүнчүлөргө бекер кофе, ысык чай жана жаш балдарга атайын бөлмөлөр берилген.

"16-январда Бишкек-Ош багыты боюнча сегиз каттам кармалган. Ал эми эл аралык рейстерден Ош-Стамбулдун бир каттамы учпай калган. Анкени эл аралыктар көбүнчө таңга маал сааттөрт, бештерде учкандыктан, аталган акыркы бир рейс саат 6:00до тумандан улам уча албай калган", -деди ал. 

Кечээ, 16-январда "Ош" аэропортун коюу туман каптап, учактар учуп-коно албай жатканы маалымдалган. Тумандан улам 60-70 метрден алыс жер көрүнбөй калган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 333 статей