БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
«Коопсуздук каралбаган». Ак-Буура дарыясынан беш жашар баланы издөө уланууда
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары бүгүн, 12-ноябрда Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен баланы издөө иштерин улантышууда. Беш жаштагы Исмоил Жаңы-Маала айылынын тургуну болчу. Издөө иштерине милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар да тартылган.
Исмоил кырсык болгонго чейин дарыянын жээгинде ойноп жаткан. Анын сууга түшүп кеткенин теңтуштары көргөн. Айылдаштары кырсыкка убагында коопсуздук каралбаганын себеп кылып жатат. Анткени дарыянын жээгиндеги тосмолор агып, жайында селден кийин кооптуу болуп калган.
"Сел эки-үч жолу келип, Ак-Бууранын четиндеги "битондор" түшүп, үч-төрт мертрге чейин чукур болуп кетти. Бул абалды көзөмөлдөш керек. Жылдан-жылга суу келе берип сай терең болуп баратат. Мындан сырткары өйдөдө кум, шагыл алышат. Бул дагы тереңдеп кетишине себеп", -дейт Жаңы-Маала айылынын башчысы Умидилло Нармурзаев.
Исмоил үйдө үч бир туугандын ортончусу болчу. Ата-энеси, жакындары аны издеп коңшу Өзбекстанга кеткен.
Ошто жыл башынан бери адам сууга аккан алты учур катталган. Бул жетинчиси болуп калды.
Автор: Байэл Бурханов
Автор: Улукбек кызы Асем > 427 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat