БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: Ак-Таш айылынын тургундары бир канча жер тилкелер мыйзамсыз сатылып кеткенин айтып чыгышты

Ош: Ак-Таш айылынын тургундары бир канча жер тилкелер мыйзамсыз сатылып кеткенин айтып чыгышты

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айылынын тургундары көп жылдан бери жер тилке ала албай жатканын "Т-Медиага" билдиришти. Жергиликтүүлөрдүн сөзүнө караганда, айылдагы бир канча жер тилкелер мыйзамсыз сатылып кеткен.

 

Жер тилке ала албай жүргөндөрдүн бири Саидбек Элчибековдун чоң уулу кыркка чыккан. Учурда беш уулдун атасы дейт. Жер тилке алууга 2008-жылы арыз берген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жер берилбей келүүдө. 

"Айылда айыл өкмөттүн карамагындагы сатылбай турган жерлер сатылып кеткен. Кайсы токтомдун негизинде, кайсы мыйзамдын негизинде экенин эч ким билбейт. 2009-жылы жерге мораторий жарыяланган. Ушуга да карабастан булар каалаган жерин сатып салышты. Мына эми ал жерлерде үйлөр салынып калды. Сатылып кеткен жерлер бул жакта көп. Ушулардын токтомдорун текшерип беришсин бизге", -дейт Элчибеков.

Айыл тургундары мындан сырткары жергиликтүү бийлик тарабынан жасалма токтом да чыкканын айтышты. Ал токтом  Нуртилек Гуламжанов аттуу жаранга 2009-жылы чыккан. Анын айылдаштары документ берилген учурда Гуламжанов мектеп окуучусу болгонун айтышты.

Ал эми Ак-Таш айыл өкмөтү сөз болгон жерлерди 2009-жылы транцформация болуп, ошол кезде берилген деп билдирүүдө. 

"2009-жылы Архетектура жана Каттоо кызматы тарабынан баары трансформация болунуп, планда чызылган баардык документтер бизде учурда бар", - дейт аталган айыл өкмөттүн жер адиси Эмил Мырзаев .

Мектеп окуучусу болгон деп айтылган Нуртилек Гуламжанов "Т-Медиага" 18 жашка толгон кезде гана жер тилке алганын тастыктап берди. Мыйзамсыз делинген жерлерди укук коргоо органдары бир канча ирет текшеришкен дейт.

Айыл өкмөт ошол кезде мыйзамсыз турак-үй салынып калган болсо президенттин № 291-жарлыгынын негизинде алар мыйзамдаштырыларын кошумчалайт. Андай үйлөрдүн сегизи аныкталып, арыз берилген. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей