БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ош: АШК добушканаларга автоматтык саноочу урналардын коюлбаганы боюнча түшүндүрмө берди
Социалдык тармак колдонуучулары Ош шаарындагы шайлоо участкаларына автоматтык саноочу урналар бериле электигин жазышты. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Күлийпа Бердибекова БШК муну аппараттар кечээ түнү келип түшкөнү менен түшүндүрдү.
"Бул биздин эле иш эмес да. БШК бизге кечээ (ред-15ноябрда) кечинде жиберди.Түнү менен тараттык, азыркы учурда 5-6 даана бар. Аны аз убакытта таратып бүтөт. Ал эми шайлоо тилкесинен сырткары добуш берүүчү аппараттар жеткен".
Ош шаарында жалпы 102 добуш берүүчү тилке бар.
Эртең, 17-ноябрда Кыргызстан боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. 33 шаардык кеңешке 4928 талапкер катталган. Ал эми айылдык кеңештерде 10 миң 81и ат салышат.
Автор: Осмонова Айдана > 791 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat