БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: аялдамалардын курулушу эмнеге кечеңдеп жатат?

Ош: аялдамалардын курулушу эмнеге кечеңдеп жатат?

Сүрөт: t_media.kg/Байэл Бурханов

Былтыр Ош шаарында 29 аялдама алынып, ордуна жаңысы салына баштаган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин 15и гана толук жаңыланып бүттү. Калгандарынын арасында курулушу жарымдап калганы бар. Айрымдары таптакыр башатала элек. 

Мисалы, Кулатов кичи районундагы "Барсбек каган" айлампа жолунун жанындагы аялдама "кошумча жол салынат" деген жүйөө менен буздурулган. Учурда аны мурунку ордунан жылдырып, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Жүргүнчүлөр болсо коомдук транспортту туш келди жерде күтүп турганын көрүүгө болот.

Мэрия аялдамалар толук бүтпөй жатканына ишкерлерди күнөөлөйт. Себеби, алар жаңысын салып берүү үчүн Муниципалдык менчик башкармалыгы менен келишим түзгөн. Анын акысына аялдамалардын 30%ын коммерциялык багытта иштетип, ижара акы төлөшөт. 

"Курулуп жаткан аялдамаларды жеке ишкерлер куруп жатат. Бюжеттен бир тыйын кетпейт. Алар 30 пайызын беш жыл коммерциялык багытта иштетет. Дүкөн же башка кылышат. Эгер, кааласа ижарага берет.  Ошол эле убакта аялдаманы жууп, тазалап, жарнактарды жабыштыргызбай көзөмөлдөп турат. Жанындагы арык жана башка нерселерди сонун кылып карап иштетет. Электр энергиясын, суусун өзү төлөйт. Майыптыгы барлардын арабасы чыга турган мүнкүнчүлүк түзүп беришет. Мунун баары ижарадан сырткары сүйлөшүлгөн. Эмнеге беш жыл? Себеби, жеке ишкерлер тарабынан миллон сомго чейин акчалар кетип жатат. Эми аны кофе сатып, суусундук сатып беш жылдын ичинде актап ала тургандай шарт кылтабыз", -дейт башкармалыктын жетекчисинин орун басары Дастан Мурзалиев.

Мурзалиев ишкерге берилчү аялдамадагы жердин ижара акысы анын аянтына жараша бааланарын кошумчалады. Мисалы, он чарчы метр жердики айына 4000-5000 сом болот.

Негизи калаада жалпы 200дон ашуун аялдама бар. Бул Кызыл Кыштак, Төлөйкөн кошулгандан кийинки сан.

Автор: Бурханов Байэл > 9 статей