БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кезек күткөндөр көп. Оштогу балдар ооруканасына күнүнө 800гө чейин жаран кайрылууда

Кезек күткөндөр көп. Оштогу балдар ооруканасына күнүнө 800гө чейин жаран кайрылууда

Ош облустук балдар ооруканасы. 13.02.2024

Ош облустук балдар ооруканасына күнүнө 800дөн ашык адам кайрылып, кезек күтүүлөр түшкө чейин эле 300-400гө жетүүдө. Жарандар тиешелүү дарыгерлерге жазылуу үчүн эки гана терезе иштеп жатат. Мындан улам алар аты-жөнүн кагазга жазып алып кезек күтүүгө аргасыз болууда.

"Бул жака жаш балдары менен алыстан келгендер бар. Алар убактысын кезек күтүү менен эле өткөрүп жатышат. Ошого шарт түзүп, чараларды көрүшсө болмок", -дейт кезек күткөн жарандардын бири Назгүл Мырзашева.

Оорукана жетекчилиги кайрылуулардын көптүгү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оштогу координаторуна кайрылган. Мындан улам учурда шаардын эки жеринде балдар поликлинкасы уюштурулуп жатканы айтылды.

Бул маселе бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да көтөрүлдү. Анда депутат Таалайбек Сарыбашов жер-жерлердеги көйгөйлөрдү чагылдырган журналисттер менен блогерлерге ыраазычылык билдирип, саламаттыкты сактоо министрин "аймактарга дарыкана ачууга гана барат" деп сындады.

"Балким, саламаттыкты сактоо министирин ушул жерге чакырып, аларды угуу керектир. Жаш балдардын ден соолугунан маанилүү эч нерсе жок. Алардын кандай көйгөйлөрү бар? Балким, биздин жардамыбыз керек болуп жаткандыр? Облустук ооруканага канча бала жана кандай диагноз менен келет? Эмне үчүн райондук ооруканалар балдарды кабыл алып, дарылашпайт? Эмне үчүн баштапкы жумушчулар жакшы иштей алышпайт? Көп жерде көрүп жатабыз министр аймактарга чыгып, дарыкана ачып эле келе берет. Анда кадр маселеси эмне болуп жатат? Ошол жагына да жакшы көңүл буруп койсо", - деди депутат.

Ош облустук балдар ооруканасында 700дөн ашуун кызматкер эмгектенет. Анын 150гө жакыны дарыгерлер.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей