БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ош, Баткен, Кара-Суудан шайлоого катышууга 42 жаран азыр берди
28-мартта Ош, Кара-Суу жана Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, үч округда жалпы 42 жаран арыз берген.
№7 Ош округунан 18 жаран (экөө аял), №9 Кара-Суу округунан 12 жана №2 Баткен шайлоо округунан 12 адам шайлоого катышуу ниетин билдирген.
8-апрелден тарта талапкерлерди каттоо башталат. Ал эми үгүт иштери 8-апрелден 27-апрелдин таңына чейин жүргүзүлөт.
Президент Жапаровдун жарлыгы менен №2 Баткен, №9 Кара-Суу жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге белгиленген.
БШК 13-мартта №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун мандатын өзүнүн арызынын негизинде алганын жарыялаган.
Ал эми 22-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди өздөрү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыратылган.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat