БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ош бир мандаттуу шайлоого бир дагы талапкер арыз бере элек
№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 25-мартка карата эч ким арыз бере элек. Бул тууралуу "Т-Медиага" Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Ал эми Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча тогуз талапкер, Кара-Суудан сегиз талапкер арыз берген.
Талапкерлердин арыздарын кабыл алуу 28-мартка чейин уланып, аларды каттоо 8-апрелге чейин жүрөт. Үгүт иштери 8-апрелден 27-апрелдин таңына чейин жүргүзүлөт.
Президент Жапаровдун жарлыгы менен №2 Баткен, №9 Кара-Суу жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге белгиленген.
Борбордук шайлоо комиссиясы 13-мартта №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун мандатын өзүнүн арызынын негизинде алганын жарыялаган.
Ал эми 22-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди өздөрү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыратылган.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
March 2025
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5