БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: борбордук базардагы селдин чыгымы эсептеле баштады

Ош: борбордук базардагы селдин чыгымы эсептеле баштады

Жарандык коргонуу комиссиясынын чыгымдарды эсептөө учуру. 17.07.2024. Сүрөт: Ош мэриясы

Ош мэриясынын Жарандык коргонуу комиссиясы селден жабыркаган соодагерлердин чыгымдарын эсептөө иштерин баштады. 

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Учурда базардагы негизги өтмөктөр тазаланып бүттү. Базар комиссия ишин аяктагандан кийин кайра иштей баштайт.

Беш адамдын өмүрүн алган сел 

14-июлда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун бир катар аймактарында катуу сел жүрүп, беш кишинин өмүрүн алды. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - апасы жана анын үч кызы. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар шаардын четиндеги Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө сел агызып кеткенин билдирди. Ал эми бешинчи жаранды Ош шаарынын борбордук базарынан сел алып кеткен. Баарынын тең сөөгү табылды.

Жаандан кийинки чогулган суулардын кесепетинен Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, жээкке жакын жайгашкан борбордук базарды, айылдарды, эс алуу жайларды топон суу каптаган. Бир нече автоунааны сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыкты. Соодагерлер, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады. Бир катар жарандар үй-жайсыз калган.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда "Кабар" агентигине курган маегинде селден жабыркагандарга мамлекет жардам көрсөтөрүн билдирди.

Автор: Т-Медиа > 354 статей