БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Оштун бюджети быйыл 2 млрд 885 млн сомду түзөт. Каражаттын көбү кайсы тармакка бөлүндү?
Ош шаарынын бюджети быйыл 2 млрд 884 млн 956 миң сомду түзөрү болжолдонууда. Бул тууралуу калаа бийлиги 27-феваралда өткөргөн коомдук угууда белгилүү болду. Ага ылайык, каражаттын басымдуу бөлүгү турак-жай жана коммуналдык кызматтарына, экономикалык маселелерге жана билим берүүгө бөлүнүп жатат.
Шаардык бюджеттен субсидия катары:
Ош шаардык автоунаа ишканасына - 50 млн сом;
Муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасына - 24 млн сом;
"Ош шамы" гезитине - 3 млн сом;
"Алай" футболдук клубуна жана Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадионго - 35 млн сом;
"Ош-Тазалыкка"- 70 млн сом;
Жылуулук камсыздоо башкармалыгына - 50 млн сом;
"ОшТВ" телеканалына - 2 млн сом берилет.
2023-жылдын бюджети быйылкы жылдан 375 млн сомго аз бектилиген. Ош шаарынын пландык бюджети 2025-жылга 3 млрд 8 млн сомду, 2026-жылы 3 млрд 155 млн сомду түзөрү күтүлүүдө.
Автор: Каныбек уулу Нургелди > 69 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat