БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: үч аскер жол кырсыгына кабылып, бирөө мүрт кетти

Ош: үч аскер жол кырсыгына кабылып, бирөө мүрт кетти

Интернеттен алынды

Ош облусунда үч аскер кызматкери жол кырсыгына кабылып, бирөө каза болду. Маалыматты  Коргоо министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.

 

 

Кырсык бүгүн түндө саат 00:40 чамасында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында  болгон. Коргоо министрлигинин аскерлери бараткан жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, Бишкек-Ош жолунда бараткан жүк ташуучу фура менен кагышкан.

 

Анын кесепетинен бирөө мүрт кетип, эки аскер азыркы тапта Ош облустук ооруканасында  жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы белгилүү болду.

 

 Аталган  жоокерлер Баткен облусундагы  аскер бөлүктөрүнүн биринде келишимдик негизде кызмат өтөп келишкен.

 

Окуя болгон күнү аскерлердин бири Ош шаарына сүйлөшкөн кызы менен жолугуу үчүн кызматташтары менен чогуу келген. Мекеменин маалымат кызматы алар  командирден уруксат сурабагынын белгиледи.

 

Каза болгон аскер кызматкери бүгүн Кара-Суу районунун  Кызыл-Суу айылында жерге берилди.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей