БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош горнизонунун офицери пара талап кылууга шектелип кармалды

Ош горнизонунун офицери пара талап кылууга шектелип кармалды

Сүрөт УКМК маалымат кызматынан алынды

Ош гарнизонунун чек ара ведомствосунун офицери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 26-июнда маалымдады.

Атайын кызмат шектүүнү 25-июнда кармаган. Ал Чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринен акча алып турган деп шектелип жатат. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара талап кылуу") менен кылмыш иши козголгон. УКМК учурда бул ишке тиешеси болушу мүмкүн болгон башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатканын кошумчалады. 

Кармалган жаран 39 жашта. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей