БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто милициянын бөлүм башчысы 2 млн сом пара алууга шектелүүдө

Ошто милициянын бөлүм башчысы 2 млн сом  пара алууга шектелүүдө

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош облустук ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы К.И.А. АКШнын жаранынан 2 млн сом пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады. 

Атайын кызматтын 15-февралда тараткан маалыматы боюнча, 2023-жылдын декабрында чет өлкөлүк жаран Ош облустук милициясынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн бөлүм башчысына зордуктоо, коркутуу жана шантаж кылуу фактысы боюнча М.Н.М. аттуу кыргыз жаранына чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок милиция кызматкери чара көрүүнүн ордуна алар менен бир бүтүмгө келип, АКШнын жаранынан шантаж кылуу жолу аркылуу 2 млн сом өлчөмүндө акча талап кылганы айтылат.

"Чындыкты аныктоо максатында АКШ жараны Ош шаардык ички иштер башкармалыгына М.Н.М.га карата чара көрүү үчүн кайрылууга аргасыз болгон. Ал козголгон кылмыш ишинин алкагында акча каражаттарын алып жатканда пара менен кармалган. Тергөөнүн жыйынтыгында акчаны алуу үчүн М.Н.М. аттуу жаранды милиция кызматкери өзүнүн жеке автоунаасы менен алып келгендиги, ал жогорудагы жаранды кармоодо кылмыш болгон жерден качып кеткендиги аныкталган", -деп айтылат маалыматта.

Аталган кылмышты тергөө үчүн иш УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 13-февралда шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей