БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: күбөлүк чырынан кийин үч чиновник кызматтан кетти

Ош: күбөлүк чырынан кийин үч чиновник кызматтан кетти

Сүрөт интернеттен алынды

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык Турганбаев, Алай районунун акими Азамат Кожомамбетов жана аталган аймактагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Артыков өз арыздары менен иштен бошотулду. Алардын кызматтан кетишине Күмүш Аким кызы аттуу блогердин күбөлүгүнө мыйзамсыз кол коюп, мөөр басып беришкени себеп болгон.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Сабырбек Самидин уулу бул маселе боюнча ички териштирүү болгонун "Т-Медиага" билдирди. Анда Күмүшай Аким кызы коңшу өзбекстандык жарандын үстүнөн арыз жазганын, ал жака баруу үчүн ушул кадамга барган дейт. 

"Өзбекстандык бир блогер эки элдин ортосуна чагым салган материалдарды жарыялаган. Анан ошонун үстүнөн Күмүшай деген кыз "Мени Өзбекстанга чакырып жатат" деп, көз карандысыз журналист экениин тастыктоо үчүн күбөлүгүнө кол, мөөр басууну суранып барган. Ошого байлыныштуу аталган жетекчилер өз күнөөлөрүн мойнуна алып, аларга сөгүш жарыяланды. Кийин алар өз арызы менен жумушунуан бошотулган", -деди ал.

Өз арызы менен кызматтан кеткен Зарлык Тургунбаевдин ордуна президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп 17-январда Илияз Ташбаев дайындалды. Тишелүү буйрукка Акылбек Жапаров кол койгон. 

Өзүн блогер деп тааныштырган Күмүшай Аким кызы MOSCOU TV. ютуб-каналын алып барат. Буга чейин анын "Көз карандысыз эркин журналсит" деп жазылган күбөлүгү соцтармактарда сынга алынган. Документке кол коюп, мөөр баскан тиешелүү жетекчилерди жоопкерчиликке тартуу маселеси көтөрүлгөн. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей