БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто көчөттөр сатыкка чыкты, баалары 100 сомдон башталууда

Ошто көчөттөр сатыкка чыкты, баалары 100 сомдон башталууда

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Улукбек Сали уулу

Ош шаарынын Төрөбай Кулатов кичи районунда мөмө берүүчү көчөттөр сатыкка чыга баштады. Алардын баасы 100-300 сомго чейин болууда. Сатуучулар дыйкан базарга февралдын башынан тарта чыга баштаган. Айтымдарында, учурда гиластын көчөтү кымбат болууда.

Учурда көчөттөрдүн онго жакын түрү сатылууда. Алманын көчөтү - 130 сом, Баткен өрүгүнүкү менен алмурттуку - 150 сом.

Сары алма дагы 150 сомдон сатылууда. Ал эми шабдалы - 170 сом. Кокон гиластын көчөтү 200-250 сомго чейин болууда. 

Көчөттөр басымдуу Араван районунан алып келинет. Сатуучулардын айрымдары дыйкандар. Алар өздөрү өстүрүп, жаз айларында сатыкка алып чыгышат. Дыйкандар быйыл базар жылдагы караганда эрте башталганын айтышты. 

Былтыры да көчөттөрдүн баасы 100 сомдон башталган. 

Айыл чарба министрлиги көчөт өстүргөн чарбалар быйыл жазгы сезонго 3 млн 316 миң 120 түп көчөт даярдаганын билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, былтыр 15 млн 285 миңден ашык көчөт импорттолгон. Алардын көпчүлүгү мөмө-жемиш, ийне жалбырактуу жана декоративдик өсүмдүктөр болгон. Мунун ичинен эң көп мөмө-жемиштин көчөтү импорттолгон. 

Мындан тышкары өлкөдөн экспорттолгон көчөттөрдүн саны 3 млн 654 миң 912 түптү түзгөн.

Министрликтин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкөдө көчөт өстүргөн жүзгө чукул жеке менчик питомник бар. Алардын арасынан көчөттөрдү өстүрүүгө материалдык техникалык базасы, аянттары талапка жооп берген 14 ири питомник тандалып, текшерилип, мөмө-жемиш жана декоративдүү өсүмдүктөрүнүн отургузуу материалдарын өндүрүү боюнча экинчи группадагы үрөнчүлүк чарба макамы берилген.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей