БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто "Коопсуз шаардын" 44 жерде камерасы иштеп жатат. Даректери

Ошто "Коопсуз шаардын" 44 жерде камерасы иштеп жатат. Даректери

Ош шаары

Ош шаарында "Коопсуз шаардын" камерасы 44 жерде иштөөдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы "Т-Медиага" жөнөткөн тизмеде жазылган. Камералар жол эрежесин бузагандарды автоматтык түрдө сүрөт, видеого тартып алат.

Алар төмөнкү көчөлөргө орнотулган:

  1. Курманжан Датка №97;
  2. Гапар Айтиев №23в
  3. Ленин №311;
  4. Бекмамат Осмонов №15 А;
  5. Исхак Раззаков №17/2;
  6. Ысабек Монуев 47;
  7. Алишер Навои №1а/3 ;
  8. Ысабек Монуев 150/1;
  9. Ленин №56;
  10. Ленин №87;
  11. Санабар Бахапова-Водозаборная №197;
  12. Санабар Бахапова-Водозаборная №217/4;
  13. Ленин №205/1;
  14. Ленин№212;
  15. Ленин № 260;
  16. Ленин № 672;
  17. Курманжан Датка №421;
  18. Курманжан Датка №308;
  19. Гапар Айтиев №81;
  20. Гапар Айтиев №81;
  21. Гапар Айтиев №173; 
  22. Бекмамат Осмонов №21;
  23. Рыспай Абдыкадыров №116;
  24. Тилеке-Баатыр №2;
  25. Тилеке-Баатыр №86;
  26. Өзгөн № 11/1;
  27. Масалиев №55;
  28. Масалиев№66/2;
  29. Масалиев №106;
  30. Масалиев №99;
  31. Аскар Шакиров №65;
  32. Аскар Шакиров №72;
  33. Жаныбек Жумабеков№36;
  34. Айни №9в;
  35. Насиридин Исанов №36;
  36. Насиридин Исанов №169;
  37. Аскар Шакиров №227/1;
  38. Аскар Шакиров №222;
  39. Рыспай Абдыкадыров №27 А/2(көпүрөдө)
  40. Рыспай Абдыкадыров №27 А/2;
  41. Навои №17 А( көпүрөдө)
  42. Навои №17 А;
  43. Аэропортко баруучу жол; 
  44. Аэропортко баруучу жол.

Ош шаарында "Коопсуз шаар" долбоору 16-сентябрдан тарта толук иштеп баштаганы айтылды. Анда жол эрежесин бузгандарга карата бир айдын ичинде айып пулдар расмий түрдө салынып, билдирмелер айдоочулардын дарегине жөнөтүлөт. 

Долбоордун пилоттук режими 1-июндан тарта ишке кирген. Мэрия жол эрежесин бузган айдоочулар сүрөт, видеого тартып алынып, айып пул салынбайт деп билдирген болчу.  

Ошко “Коопсуз шаардын” камераларын сатып алууга Муниципалдык менчик башкармалыгы  2,5 млрд сомдук тендер жарыялаган. Конкурска жалгыз орусиялык "МегаФон" акционердик коому катышып, жеңүүчү аталган.

Долбоордун биринчи этабында жалпы шаарга 60 камера 2024-жылдын 31-мартына чейин орнотулушу керек болчу. Анын 46сы стационардык камералар, бешөө автоунаалардын ичине коюла турган, калган тогузу көчмө камералар. Ал эми экинчи этаптагы 90 камера 31-декабрга чейин коюлат.  

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей