БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: кылмыштуу топтун 7 жолу соттолгон мүчөсү кармалды

Ош: кылмыштуу топтун 7 жолу соттолгон мүчөсү кармалды

Сүрөт: Ош шаардык ички иштер башкармалыгы

Ишкерлерди коркутуп, алардан акча талап кылып жүргөн жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

 

Жеке ишкер ага таандык “Тайота-Королла” үлгүсүндөгү автомашинасын тартып алганын билдирип арыз менен кайрылган. Кылмышка шектүү катары 30 жаштагы жаран кармалды. Ал ишкерди  коркутуп, унаасын тартып алып 340 миңге баалап сатып жиберген.

“А. уулу Э. аттуу жаран шериги менен жабырлануучуну коркутуп, “Эмне жашагың келбей жатабы? Эмнеге биздин долябызды бербейсиң? Чет элдик инвесторлор менен иштешип жатыпсың, акчаң бар экен”, деп коркутуп кетишкен. Унаасын ачык түрдө коркутуп тартып алышкан. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайда кармалып турат”-  деп жазылат маалыматтта.

Шектүү Өзгөн районунун тургуну. 2016-жылдан бери 7 жолу соттолгон. ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталып турат.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей