БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: Кыргыз-Ата паркына желим баштык, идиштерди алып кирүүгө тыюу салынды

Ош: Кыргыз-Ата паркына желим баштык, идиштерди алып кирүүгө тыюу салынды

Сүрөт: Турмуш

Ош облусундагы Алай тоо кыркасынын түндүк капталында жайгашкан Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркына желим баштык, идиштерди алып кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу "Т-Медиага" аталган парктын директору Кылычбек Мурзаматов билдирди. 

Жаңы эреже 1-январдан тартып киргизилген. Учурда эс алуу жайга эскертүү тактайчалары илинип, жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

"Парктын ичине бир жолку колдонулуучу желим баштык, буюмдарды алып кирүү жаратылышка терс таасирин тийгизет. Анткени көбүнчө эс алуучулар өздөрү менен паркка кошо алып кирген таштандыларын алып кетпейт. Бул буюмдар өтө көп убакытта чирийт. Ошол себептен улам ушундай чектөөлөр киргизилди", -деди Мурзаматов.

Мындай чектөө буга чейин Ош шаарында жайгашкан Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинине киргизилген. Жаңы эрежеге ылайык, музей комплекстин аймагындагы пластик бөтөлкөлөрдөгү суусундук, полимер пленкасынан жасалган баштыктагы ар кандай азыктар саткан түйүндөр жабылган. Ал эми күндүн ысыгына ылайык жаңы шарттарды уюштуруу маселеси жайкы сезонго чейин чечилет. 

2023-жылдын 10-августунда президент Садыр Жапаров Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө тыюу салган мыйзамга кол койгон. Жогорку Кеңеш аталган мыйзамды 2023-жылы 29-июнда кабыл алган. 

Өлкөдө өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында тыюу 2024-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт. Кабыл алынган мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө жүгүртүүгө тыюу салынган пластик буюмдардын тизмеги аныкталган.

Алар:

  • бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин бардык түрлөрү;
  • тамак-аш үчүн бир жолу колдонулуучу пластик идиш;
  • ПЭТ (полиэтилентерефталат, РЕТ) пластик бөтөлкөсү;
  • жумуртка үчүн пластиктен жасалган бир жолу колдонулуучу идиш;
  • кофе үчүн пластик капсулалар;
  • азык-түлүк үчүн сумка тор баштыктар.

Автор: Т-Медиа > 352 статей