БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Прокуратура: Ош мэриясында жер сатууга байланыштуу жемкорлук аныкталды

Прокуратура: Ош мэриясында жер сатууга байланыштуу жемкорлук аныкталды

Сүрөт: kloop.kg

Ош шаардык мэриясынын жана Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызмат адамдары жерди мыйзамсыз бөлүп, мамлекетке 5 млн сомдук зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Оштогу Бекмуратов көчөсүндө жайгашкан 400 чарчы метр жер тилкесин кезектүүлүк тартибин бузуу менен мыйзамсыз бөлүп беришкендиги аныкталган. Көрсөтүлгөн жер тилкеси тийиштүү документтер алынгандан кийин башка жарандарга сатылып кеткен. Натыйжада мамлекетке 5 млн сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголгон. Тергөө амалдарын жүргүзүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына тапшырылды.

Автор: Осмонова Айдана > 615 статей