БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош облустук милициясынын башчысына эскертүү берилип, үч орун басары кызматтан алынды

Ош облустук милициясынын башчысына эскертүү берилип, үч орун басары кызматтан алынды

Сүрөт: ИИМ

Cоциалдык тармактарда тараган видеодон кийин Ош облустук ички иштер башкармылыгынын башчысы Жеңиш Жоробековго эскертүү берилди. Ал эми анын орун басарлары Алмаз Усеналиев, Салмоорбек Шералиев жана Улан Асанбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу 27-ноябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 


Усеналиев ыкчам иштерди, Шералиев коомдук коопсуздукту жана Асанбаев кадр тармагын карачу. 

"Кызматкерлердин бул жүрүм-туруму кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруу принциптерин бузган. Ички иштер министрлиги өздүк курамдын адеп-ахлаксыз жүрүм-турумуна эч кандай сабырдуулук менен мамиле кылбайт. Милиция кызматкерлеринин ушул сыяктуу жүрүм-турумуна мыйзам чегинде эң олуттуу жана катаал мамиле кылынат"-дейт ИИМ. 

Маалыматка караганда, окуя 23-ноябрда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдында болгон. Кийинчирээк ал жерге ички иликтөө кызматкерлери барып, кандын тактарын аныкташкан. 

Милиция кызматкерлери мушташты делген видео кечээ, 26-ноябрда социалдык тармактарда тарап, интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей