БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: нааразычылыкка чыккандардын арасынан төрт киши милицияда сурак берүүдө

Ош: нааразычылыкка чыккандардын арасынан төрт киши милицияда сурак берүүдө

Сүрөт: t-media/ Асем Улукбек кызы

Ошто борбордук базардын көчүрүлүшүнө нааразы болуп мэриясынын имаратынын алдына акцияга чыккан соодагерлердин төртөө шаардык ички иштер башкармалыгында сурак берүүдө. Алар башаламандык уюштурууга шектелип жатканын мекеменин басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов "Т-Медиага" билдирди.  

"Алардын үстүнөн милицияга арыз келип түштү. Ошонун негизинде иш тергелип, шаардык милицияда сурак берип жатышат".  

Соодагерлердин нааразычылыгы үч күндөн бери уланууда. 21-июлда мэриянын алдына жүзгө жакын адам топтолгон. Бүгүн, 22-июлда да 500дөй ишкер акцияга чыкты. Алардын айтымында, жаңы базарга көчүп, бир-эки жыл ичинде иш жүрүшүп кеткиче соодасы артка кетет. Алардын айрымдары менен калаа башчысы Бакыт Жетигенов баштаган жетекчилер мэриянын имаратынын ичинде жолугуп, сүйлөштү. Анда соодагерлер убактылуу иштеп жаткан көпүрөлөрдү калтырып турууну, базарды көчүрүү убактысын узартуу талабын коюшту. 

Беш адамдын өмүрүн алган сел 

14-июлда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун бир катар аймактарында катуу сел жүрүп, беш кишинин өмүрүн алды. Жаандан кийинки чогулган суулардын кесепетинен Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, жээкке жакын жайгашкан борбордук базарды, айылдарды, эс алуу жайларды топон суу каптаган.

Бир нече автоунааны сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыкты. Соодагерлер, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады. Борбордук базарда 800гө жакын контейнерди суу каптаган. 

Автор: Т-Медиа > 354 статей