БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: Ноокат районунун эли эми акысыз юридикалык жардам ала алышат

Ош: Ноокат районунун эли эми акысыз юридикалык жардам ала алышат

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ош облусунун Ноокат аймагында кече, 2-ноябрда калкка юридикалык жардам көрсөтүүчү параюристтер иштеп баштады. Ал USAID дын каржылык колдоосу менен “ Укук булагы” долбоорунун негизинде ишке ашырылган.

 

Параюристтер юридикалык билими жок. Бирок атайын 4күндүк окуудан өтүп, сертификаттын негизинде кошумча иш алып барышат. Алар айыл тургундары туш болгон көйгөйлөрдү чечүү жолдорун бирге издешет. 

 

Учурда Ноокат району боюнча 13 айыл өкмөтүнөн 26 адам окутулуп, өз аймагында кеңеш бере баштады. 

 

Бул жерден адамдар 6 багытта: үй-бүлөлүк зомбулук, мүлктү бөлүштүрүү, никеге туруу жана ажырашуу, алимент өндүрүү, ишке орношууда жана басмырлоо учурларында юридикалык кеңештерин беришет.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей