БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ош — Баткен — Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү расмий ачылды. Сүрөттөр

Ош — Баткен — Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү расмий ачылды. Сүрөттөр

Сүрөт: президентин Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Ачылыш аземи бүгүн, 31-октябрда болуп, ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев, президенттин Ош облусундагы өкүлү, транспорт министри катышты.  

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Ош - Баткен - Раззаков жолунун 13,5 чакырымынын экинчи катмарына асфальт толук төшөлүп бүткөн. Ал эми Ноокат шаарын аралап өткөн эл аралык маанидеги жолдун 34-40-чакырым аралыгы төрт тилкелүү болуп, ирригация, жарыктандыруу, жашыл зона жана тротуар куруу иштери жүрүүдө. 


Буга чейин Камчыбек Ташиев октябрдын аягына чейин жолдорду жана көпүрөлөрдү бүтүрүү тапшырмасын берип, бүтпөгөн учурда чара көрүлөрүн эскерткен. 

Эске салсак, өткөн жылы Ош-Баткен-Раззаков жолунун 13 чакырымына бир катмар асфальт басылган. Быйыл анын экинчи катмарын басуу иштери жүргөн. Анда жергиликтүү тургундар жолду кайрадан оюп жаткандыгын айтып нааразы болушкан. 

13 чакырым жолго асфальт төшөө үчүн 876 млн сом бөлүнгөн. Былтыр июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев анын курулушун бүтүрүүгө эки айга жетпеген убакыт берген. 1-сентябрга чейин жол салынбаса, ошол учурдагы транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев кызматтан кетмек. 29-августта жолдун бир катмары гана басылып бүтүп, министр курулуш аяктаганын жарыялаган.

Автор: Осмонова Айдана > 730 макала