БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош облустук соту Тилек Матраимовго 300 миң сом айып салды

Ош облустук соту Тилек Матраимовго 300 миң сом айып салды

Сүрөт интернеттен алынды

Ош облустук соту Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимовдун аппеляциялык арызын канааттандырып, 300 миң сом айып салды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы билдирди. 

Облустук сот Матраимовго карата райондук соттун чечимин өзгөрткөн. 

Буга чейин Кара-Суу райондук соту 11-июнда Тилек Матриамовго 1 млн сом айып салып, үч жылдык мөөнөткө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыраткан. 

Айыпталуучу жана жактоочу райондук соттун чечимине каршы Ош облустук сотуна апелляциялык арыз берген.

Эске салсак, Тилек Матраимов 26-апрелде үй камагына чыгарылган

Матраимовдордун кармалышы 

26-марттын кечинде Райымбек Матраимов Азербайжандан Бишкеке алынып келинген. УКМК ал менен кошо үч бир тууганы кармалганын маалымдаган.  

Райымбек Матраимовго "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу", "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери менен айып тагылган. Бир туугандары Руслан жана Исламбек Матраимовдорго Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу", Тилек Матраимовго "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголгон.  

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, 26-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда Райымбек Матриамов тергөө абагында жатат, калган бир туугандары үй камагына чыгарылган. 

Тилек Матраимов Ош облусунун  Кара-Суу районун сегиз жыл башкарып, 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин кызматтан кеткен.  2022-жылы мартта "Ошгаздын" директорунун техникалык иштер боюнча орун басары болуп дайындалган. Быйыл февралда өзү жазган арызын негизинде бошотулган.

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей