БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош облусунун аймагында жер силкинди

Ош облусунун аймагында жер силкинди

Интернеттен алынды

Бүгүн саат 9.47де Тажикстандын аймагында жер титиреп, силкинүүнүн күчү Кыргызстандын айрым аймактарында да сезилди. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.

 

Тажикистандын аймагында очогунда жер титирөөрүн күчү 5 баллга жетип, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибе айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында 3 баллга жеткен.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей