БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош округу боюнча шайлоого 10 млн сом сарпталат

Ош округу боюнча шайлоого 10 млн сом сарпталат

Иллюстративдик сүрөт

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 10 млн 700 миң сомго жакын каражат жумшалат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактагы өкүлү Дыйканбай Даминов "Т-Медиага" билдирди.

Ошто 55 шайлоо участкасы уюштурулган. 28-мартта талапкерлердин арызын кабыл алуу токтоп, аларды БШК катоого алууда. Үгүт иштери 8-апрелде башталат.

Президент Жапаровдун жарлыгы менен №2 Баткен, №9 Кара-Суу  жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге белгиленген.

Борбордук шайлоо комиссиясы 13-мартта №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун мандатын өзүнүн арызынын негизинде алганын жарыялаган.

Ал эми 22-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди өздөрү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыратылган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей