БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: окуучуга кол көтөрдү делген мектеп директору убактылуу кызматтан алынды

Ош: окуучуга кол көтөрдү делген мектеп директору убактылуу кызматтан алынды

Сүрөт интернеттен алынды

Ош шаарындагы №3 Ломоносов мектебинин директору убактылуу кызматтан алынды. Ал буга чейин окуучу кызды сабады деп айтылып жаткан. 

Билим берүү министрлигинен билдиргендей, учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу мектеп директору кызматынан убактылуу алынган. 

"Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгына жараша персононалдык маселеси каралат. Негизинен Оштун билим берүү башкармалыгы кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Анда окуучуга карата кол көтөрүү тууралуу эч кандай факты аныкталган эмес. Болгону кийимине карата гана эскертүү бергени айтылат. Бирок ата-энелер кайрадан арызданып, учурда милиция териштирип жатат",-деп билдирди министрлик. 

 

Буга чейин №3 Ломоносов мектебинин директору 16 жаштагы окуучу кызды «сабакка өз убагында келбей, мектеп формасын кийбей келдиң» деп сабап, мектептен чыгарып жибергени айтылган. Окуядан кийин 14-мартта кыздын жакындары Ош шаардык милициясына кайрылган.

Кийин бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, укук коргоо органдары менен Билим берүү министрлиги тез арада чара көрүшү керек деген талап айтылган. 

Кыргызстанда буга чейин да мугалим окуучуга кол көтөрүп, мугалимдер иштен алынган окуялар катталган. Январь айында "Сапат" билим берүү мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы Исхак Раззаков атындагы лицейинде окуучуну сабаган деп шек саналып жаткан мугалим жумуштан алынып, милиция жүргүзгөн териштирүү учурунда мугалим дагы жети баланы токмоктогону аныкталган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей