БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: окуучунун сабалганы боюнча окуяны милиция териштире баштады

Ош: окуучунун сабалганы боюнча окуяны милиция териштире баштады

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Аймээрим Дарманбекова

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы калаадагы мектептердин биринде 9-класстын окуучусу сабалды делген окуяны катоого алганын кабарлады. Милицияга 14-мартта шаар тургуну арыз жазган. Анда 16 жаштагы небересин мектеп директору талапка жооп бербеген форма кийип барганы жана сабакка кечигип келгени үчүн урганын белгилеген. 

"Окуучу кыз Ош шаарындагы М.Ломоносов мектебинде окуйт. Арыз маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлө башталды. Окуя боюнча мектеп директору, бардык күбөлөр суралат, окуяны териштирүү иштери башталды", -деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин 14-марттагы жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Ош шаарында мектеп директору окуучуну урган факт тууралуу маалымат алганын айткан. Эл өкүлүнүн айтымында, ортодогу чыр мектеп формасынан улам жаралган. 

Ал эми өспүрүмдүн жакындары да ушул эле пикирди айтып жатат. 

 "Эрте менен карындашым дайымкыдай окууга барат. Барса, "туура эмес кийинипсиң, эмне үчүн бул фудболканы кийип жүрөсүң?" деп директор мектептин алдына, окуучулардын баарын тизип алып, ошолордун көзүнчө ичине уруп, колдоруна чаап сабаптыр. Кыжаалат болгондуктан жыгылып түшүптүр. Үйгө үстү-башы баары ылай болуп келди", -деп билдиришти алар.

Айтылган дооматтарды М.В Ломоносов лицейинин директору Динара Алмаматова четке какты. Ал мектеп формасын талап кылганы чын экенин, бирок окуучуга кол тийгизбегенин кошумчалады.

Автор: Байэл Бурханов

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей