БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: ооруга чалдыккан дарактардын ордуна жаш көчөттөр тигилет

Ош: ооруга чалдыккан дарактардын ордуна жаш көчөттөр тигилет

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Ош шаары

Ош шаарында картайган, ооруга чалдыккан 560 даана даракты түп тамыры менен алып салып, ордуна жаш көчөттөрдү эгүү боюнча 14-мартта коомдук угуу болуп өттү. Вице-мэр Сонунбек Жунусбаевдин "Т-медиага" билдиришинче, көчөлөргө ар түрдүү дарактар жаңыдан тигилет. 

"Бир көчөнү клен, дагы бирин акация дарактары менен өзгөртөлү деп жатабыз. Алишер Навои жана Рыспай Абдыкадыров көчөсүндө дарактар (ред-ооруга чалдыккан) 600гө чамалуу экен. Аны адистер карап, кайсы оорулар менен ооруганын далилдеп беришет. Ошонун негизинде дарактарды алмаштыруу боюнча чечим кабыл алабыз".

Коомдук угууга  жергиликтүү тургундар да катышып, сунуштарын беришти. 

"Көчөттөрдү отургузарда акчаны аябастан бир- эки жылдык дарактарды эмес, төрт-беш жылдыктарын эгишсе болмок. Ошондо элдерден дагы наараазычылыктар болбойт. Анан дагы шаарга жакшы көрк болот", -деди Ош шаарынын тургуну Дастан Наватов.

Дарактардын куурашынын башкы себеби туура эмес бутоо дейт эколог Абжапар Аккулов.

"Биринчи кезекте, туура эмес кыркуудан дарактар ууланып кетти, даарылоого жетише албай жатышат. Негизи эле даарылоо жок бизде. Жашылдандыруу кызматы ал иштерди такыр эле аткарбаптыр. Азыр биз дарылоо жолдорун сунуштап жатабыз. Зыйынкечтер тукумдоо мезгилинде алдын алып, аларды көбөйтпөгөнгө жетишсе болот".

2022-жылы Ош шаарына 30 миңдей көчөт тигилген. Бирок аларды канчасы көктөгөнү каттоого алынган эмес. Шаар мэри бардык дарактар каттоого алынышы керектигин талап кылууда.

Автор: Байэл Бурханов

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей