БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: Пайзиев менен Олжобаев үй камагына чыкты

Ош: Пайзиев менен Олжобаев үй камагына чыкты

Сүрөт: Т-Медиа

Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев жана Жолдор башкармалыгынын орун басары Улан Олжобаев 31-июлга чейин үй камагына чыкты. 

Мындай токтомду Ош шаардык соту 6-июнда чыгарганын мекеменин басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы "Т-Медиага" билдирди.

Пайзиев менен Олжобаевдин баш коргоо чарасы бүгүн түштөн кийин каралып, алар үй камагына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен чыгарылган. Шаардык соттун маалыматы боюнча, Шумкарбек Пайзиев менен Улан Олжобаевге Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголгон. 

Аларды УКМК 4-июнда кармаганын "Т-Медиага"өздүк булактар билдирген. Атайын кызмат азырынча расмий маалымат тарата элек.

Шумкарбек Пайзиев Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп 2022-жылы декабрь айында дайындалган. Ал буга чейин Алай райондук мамлекеттик администрациясында, Ош мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүндө эмгектенген. 2018-жылдан бери Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей