БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Папан суу сактагычында аскадан түшүп кеткен жигит куткарылды

Папан суу сактагычында аскадан түшүп кеткен жигит куткарылды

Сүрөт: ӨКМ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан суу сактагычындагы бийик аскадан түшүп кеткен 25 жаштагы эс алуучуну куткарышты. Министрликтин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Сүйүн Осмоновдун билдиришинче, учурда жигиттин абалы орто.

Кырсык 10-апрель күнү кечки саат 17:00 чамасында болгон.

"Папан суу сактагычынын жогору жагындагы тоолорго эс алууга барышкан эки жигиттин бири тоодон кулап кеткен. Маалыматты ӨКМге ал жерден өтүп бара жаткан жаран кабарлаган",- дейт Осмонов.

Өлкөдө күн жылып, жаз мезгилинин келиши менен өздөрү жашаган аймактардагы жаратылышка эс алууга чыккан жарандар көбөйөт. Тилекке каршы, айрым учурда өлүм менен аяктаган учурлар бар.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей