БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ӨКМ Ош-Баткен-Раззаков жолу ачылганын билдирди

ӨКМ Ош-Баткен-Раззаков жолу ачылганын билдирди

ӨКМ тараткан сүрөт

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы көпүрө селден улам жараксыз абалга келгендиктен айланама жол аркылуу убактылуу эки тараптуу каттам уюштурулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 1-июлда кабарлады. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, селден улам жараксыз болгон Найман көпүрөсү аркылуу каттам калыбына келе элек. Учурда Ноокат районундагы көпүрө аркылуу жолду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

30-июнда саат 20:30 чамасында Ош-Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы Найман көпүрөсү селдин кесепетинен кулап түшүп, жол жабылган. Көпүрө авариялык абалда болгон. ӨКМ бул аймакта тазалоо иштери жүрүп жаткандыгын маалымадаган.

Эске салсак, 28-июнда Ноокат районунда катуу сел жүрүп, тогуз киши каза болгон. Районго өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 1-июлга карата маалыматында райондогу Кулатов айыл аймагындагы издөө-куткаруу иштерине 85 куткаруучу чыкты. Алар Абшыр-Ата сел сайында издөө ишин жүргүзөт. Мындан сырткары аталган аймакта 67 куткаруучу сел суусу кирген жыйырма турак үйдү тазалап жатат. Жалпы 28 үйдүн кароо жайына суу кирген. 30-июнь күнү анын сегизи тазаланган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей