БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: өрт коопсуздугун алдын албаган медициналык борборго 36 миң айып салынат

Ош: өрт коопсуздугун алдын албаган медициналык борборго 36 миң айып салынат

Сүрөт: Т-Медиа

Ош шаардык  үй-бүлөлүк медициналык борбордун 9 филиалы 16 пункттан турган өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча эскертүүнү аткарган эмес. Мындай билдирмени  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  Ош облустук башкармалыгынын кызматкерлери "Т-Медиага" билдирди.

Министрлик кызматкерлери аталган мекемеге эки ай мурун эскертүү берип, өрт коопсуздугун алдын алууну тапшырган. Бирок дарыгерлер борборунун жетекчиси 16 пункттун бирин дагы аткарган эмес. ӨКМ кызматкерлери  кайра текшерүүгө барганда, аларды директор имаратка киргизген эмес.

"12-февраль күнү  Ош шаардык  үй-бүлөлүк медициналык борборунун №9 филиалын тешкерүүгө келгенбиз. 16 тапшырманы аткарабыз” деп калышкан. 26-апрелде контролдук текшерүүгө келсек жетекчилиги тоскоолдук жаратты. Киргенде эле көрүнүп турат. 16 эскертүүнүн бирин дагы аткарышкан эмес. Бул жерде бейтаптар бар, кирип-чыгат. Кокус өрт чыкса ким жооп берет?" -дейт Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Ош жана Баткен облусу боюнча башкармалыгынын инспектору Бектурган Мамытбек уулу.

Дарыгерлер борборуна өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 23 миң сом, эскертүүлөрдү аткарбаганына 13 миң сом айып салынарын билдиришти.

Ал эми Ош шаардык үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Эрмек Нурунбетов жакын арада имаратты ремонттоо үчүн тендер жарыяланып, оңдоо иштери жүргүзүлөрүн билдирди. 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей