БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ош: милиция журналистке кол салгандарды издеп жатат
Ош шаардык милициясы "Турмуш" басылмасынын журналисти Гүлназа Абылкасымовага кол салган окуя боюнча териштирүү иштерин баштады. Учурда шектүүлөр изделип жатканын "Т-Медиага"мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Басылма 19-ноябрда Ош шаарында белгисиз кыздар жаңжал чыгарып, кабарчыларынын бирине кол салганын жазып чыкты. Шаардык милицияга журналист арыз менен кайрылган. Гүлназа Абылкасымованын "Т-Медиага" билдиришинче, окуя калаанын Ленин көчөсүндө телефонун жоготкон аялга жардам берип жатканда болгон.
"Бүгүн (ред-19-ноябрь) саат 12лер чамасында Ленин көчөсү, болжолдуу шаардык сот жактан келе жаткам. Кыргыз почтасынын жанында бир топ аялдар, анан 2-3 жаш кыз ызылдап жатышыптыр, элдер да топтолуп калыптыр.Чоң эжелер "телефонуму уурдап кетишти" деп жардам сурап жатышыптыр. Байкасам эч ким жардам бербей жатат. "Эмне болду эже?" десем "телефонумду урдап кетти, номериме чалып бергиле" деди. Чалсам эле телефон тиги кыздардын сумкасынан чыгып калып атпайбы. Эже телефонун тиги кыздын сумкасынан алды. "Мына көрдүңөр адамдар ушул кыздар уурдаптыр, милиция чакыргыла, кетирбей тургула" деп айтым. Телефон уурдаткан эжелер кетип калыптыр. А мен жанагы кыздар менен калып кеттим. Алар абалдан чыгуу үчүн мени сабап салышты", -дейт журналист.
Белгисиз жарандар журналисттин чачынан тартып, бутуна, ичине тебишкен. Ал азыр "шок" абалда экенин айтты.
Автор: Осмонова Айдана > 792 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat