БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарбынан

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарбынан

Сүрөт: "Апрель"

Ошто бала-бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин каржылоосуна өтөрү боюнча түшүндүрүү иштери башталды.  Бул боюнча буйрук шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан 30-октябрда чыкканын мекеменин башкы эсепчиси Темирбек Турдуев "Т-Медиага" билдирди. Бирок ал жаңы норма азырынча күчүнө кире электигин белгиледи. 

 

Турдуевдин айтымына караганда, мэриянын каржы башкармалыгынан жергиликтүү бюджеттен бала-бакчалардын ысык тамагына деп бөлүнгөн акча каражатты токтотуу боюнча кат келген. 

"Мунун негизинде вице-мэр Нурбек Кадыров протоколдук жыйын өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма берген. Ата-энелерден азыр эле топтолсун деген жокпуз, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз",-деди ал.  

Эгерду бул мыйзам күчүнө кирсе, ата-энелер балдардын тамак-ашына айына 1500-1600 сомдун тегерегинде акча төлөп калышат. 

Буга чейин шаардын бюджетинен бала-бакчаларга 3 жашка чейинки балдарга 13 сом ал эми үч жаштан жогору балдарга 18 сомдон бөлүнүп, калган каражатты ата-энелер чогултуп келген. 

Эске салсак, ноябрь айынын башында социалдык тармактарда президенттин администрациясына жазылган Финансы министрлигинин каты тараган. Анда бала бакчаларда жана мектептерде балдардын тамактануусуна ата-энелер акча бериши керектиги жазылган. 

Бул боюнча аталган министрлик маалыматты тастыктап,  "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 11-августта кабыл алынган жаңы нормасына таянган. 

Аталган мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) эсебинен жүзөгө ашырылат деп жазылган.

Бул маселе Жогорку Кеңештин 2-ноябрдагы жыйынында көтөрүлүп, депутат Мирлан Самыйкожо бала бакчадагы ысык тамактын акчасы боюнча маселе кайра каралып чыгарын айткан.

Андан кийин депутаттар Мирлан Самыйкожо, Элвира Сурабалдиева, Нурлан Азыгалиев мамлекеттик бала бакчаларды тамакты буга чейинкидей эле өкмөттүн эсебинен берүү мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарган. 

Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган докумементе мектепке чейинки мамлекеттик мекемелерде тамак-аш маселесин ата-энелерге жүктөө Конституцияга каршы келери жазылган.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей