БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаардык ооруканасы азык-түлүк сатып алуу үчүн 53,5 млн сомдук тендер жарыялады

Ош шаардык ооруканасы  азык-түлүк сатып алуу үчүн 53,5 млн сомдук тендер жарыялады

Ош шаардык клиникалык ооруканасы

Ош шаардык клиникалык ооруканасы азык-түлүк сатып алуу үчүн 53 млн 514 миң 320 сом коротууну пландап жатат. Бул тууралуу 14-февралда Мамлекеттик сатып алуулар порталында белгилүү болду. 

Клиника бул каражатка эт, жашылча жемиштерди, күнүмдүк керектелүүчү туз, кумшекер, чай, май, ун, сүт азыктарын, балык жана колбаса сатып алат.

Сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка ылайык, конкурс 29-февралга чейин уланат.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей