БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаары Олимп оюндарынын катышуучуларын кантип тосуп алышты? Сүрөт баян

Ош шаары Олимп оюндарынын катышуучуларын кантип тосуп алышты? Сүрөт баян

Сүрөт: Ош шаарынын мэриясы

Кечээ, 15-августта Ошко Париждеги Олимп оюндарына катышкан үч спортчу кайтып келди. Аларды шаар тургундары салтанат менен тосуп алды. 

Алгач иш чара аэропортто башталып, Алымбек Датка этнокомплексинде уланды. 


Ош шаардык мэриясы Олимпиадада күмүш медаль тагынган мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна үч бөлмөлүү батир жана 1 млн сом акчалай сыйлык тапшырды. 

Ал эми анын машыктыруучусу Беганас Султанбаевге эки бөлмөлүү батир жана 500 миң сом берилсе, дагы бир машыктыруучусу Турдалы Оморовго 500 миң сом берилди. 

Грек-рим күрөшүнөн коло байге алган Акжол Махмудовго 1 млн сом, машыктыруучусуна 250 миң сом ыйгарылды. Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулуна 250 миң сом, анын машыктыруучусуна жүз миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Мындан сырткары Ош облустук администрациясы спортчуларга ат мингизип, акчалай сыйлык берди. 

Кыргызстандан Франциянын Париж шаарында өткөн Олимпиадага 16 спортчу барган. Алардын алтоо байгелүү кайтып келди. Курама командадагы Акжол Махмудов Оштун Араван, Мунарбек Сейитбек уулу Өзгөн, Кубанычбек Айбек уулу Алай районунун кулуну. 

Бул Олимпиада Кыргызстандын эгемен тарыхында эң олжолуу болду. Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова жана бокстан Мунарбек Сейитбек уулу күмүш байге, грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жузупбеков, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова коло утушту. Мунун менен медалдык эсепте Кыргызстан 68-орунду ээледи. Ал эми күрөш боюнча улуттук курама топ-5 өлкөнүн катарына кирди.

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей