БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаары селден 928 миң сомдук чыгым тартты

Ош шаары селден 928 миң сомдук чыгым тартты

Ош шаары 18-май

18-майда Ош шаарынын аймагында катуу жаандан улам сел жүрүп, үч социалдык объектти жана 68 үйдү суу каптаган. Атайын түзүлгөн мекеме аралык комиссия селдин зыянын эсептеп, жалпы чыгым 928 сомго жеткенин аныктады. Бул тууралуу "Т-Медиага" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Алтынбек Абылаев билдирди.

Селдин кесепетин жоюу үчүн 18-майда Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Калаадагы жарандык коргонуу кызматтары, мекеме-уюмдардын, муниципалдык аймактык жана айылдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү селдин кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү, сел кеткен тилкелерди тазалоо боюнча чараларды көрүүдө. 

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 15-майда Жогорку Кеңеште аймактардагы болуп жаткан табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштери жөнүндө маалымат берип, анда өлкөдө сел коркунучу июнь айынын ортосуна чейин сактала турганын билдирген. 

Кыргызгидромет 24-27-май күндөрү аба-ырайы туруксуз болуп, жаан, тоолуу райондордо кар жаай турганын билдирип жатат. 27-майда түнкүсүн жана эртең менен Нарын облусунун дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында үшүк жүрүшү мүмкүн. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей