БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаарынын жана Ош облусунун прокурорлор дайындалды

Ош шаарынын жана Ош облусунун прокурорлор дайындалды

Сүрөттө Ахматов жана Сыдыгалиев

Ош облусуна прокурор болуп Чыңгыз Ахматов дайындалды. Ал эми Ош шаарына Бакытбек Сыдыгалиев прокурор болуп келди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. 

Алар башкы прокурор Максат Асаналиевдин 12-июндагы буйругунун негизинде дайындалышкан. 

Чингиз Ахматов эмгек жолун 2004-жылы Талас облусунун прокуратурасынан баштаган. Кийин Башкы прокуратурада, Жалал-Абад, Ош облустарынын прокуратураларында түрдүү кызматтарда иштеген. Чүйдүн Токмок шаарында, Ысык-Ата районунда эмгектенген. Учурдагы кызматка дайындалганга чейин Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын прокурору болуп турган.  

Ал эми Бакытбек Сыдыгалиев эмгек жолунда Ысык-Көл, Чүй облустарында, Балыкчы, Таш-Көмүр шаарларында жана Сузак, Базар-Коргон райондорунда эмгектенген.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей